Депутат акча алмаштыруу жайларын үч айга жаап турууну сунуштады

Эл өкүлү Украинадагы кырдаал жөнгө салынганга чейин акча алмаштыруу бюролорунун ишин токтотуу керек деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков өлкөдөгү акча алмаштыруу жайларын үч айга чейин жабууну сунуштады.
Депутат Жогорку Кенеша Айбек Алтынбеков
Анын айтымында, Украинадагы кырдаал жөнгө салынганга чейин акча алмаштыруу бюролорунун ишин токтотуп туруу керектигин айтып, Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңишке кайрылды. Жеңиш мындай учурда ишкерлер жабыркай турганын белгиледи. Анткени алар киреше булагын көрсөткүсү келбейт.
"Ишкерлер банктар менен иштеше берсе болбойбу? Мамлекетке акча төлөгүсү келбесе, анда биз качан өнүгөбүз. Үч айга ишин токтотуп көрбөйлүбү, качанкыга чейин көмүскө экономикада жүрө беребиз", — деди депутат.
Андан соң Нурбек Жеңиш бул маселени этияттап караш керектигин, себеби соода-сатыкта жүргөндөр акча алмаштыруу жайлары менен иштей турганын белгиледи.
Улуттук банк 8 акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын убактылуу токтотту