Бишкекте калкты каттай турчу 67 бөлүм ачылат

Бул ирет биринчи жолу маалыматтар электрондук форматта чогултулат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Бишкекте калкты каттоо үчүн 67 стационардык пункт ачылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Белгилей кетсек, 25-марттан 3-апрелге чейин республикада калкты жана турак жай фондун каттоо иши башталат.
Бишкек шаары боюнча 4001 адамды ишке тартуу пландалууда.
"Борбор калаада калкты каттаган 67 бөлүм болот. Биринчи май районунда 15 пункт, Ленин районунда 20 пункт, Октябрь районунда 11 жана Свердлов районунда 21 пункт иштейт. Каалоочулар барып каттоодон өтө алышат", — деп айтылат маалыматта.
1999 жана 2009-жылдары өткөн калкты каттоо өнөктүгүнө салыштырмалуу бул ирет биринчи жолу маалыматтар электрондук форматта чогултулат.
Радио
Шокенов: алыскы аймакта жашагандар 23-апрелден 2-майга чейин каттоого алынат