Бензин кымбаттап, алтын арзандады. 16-мартка карата баалар

Sputnik Кыргызстан редакциясы Бишкекте алтын, күйүүчү май жана чет элдик валюталардын баасы кандай өзгөргөнүнө баам салып турат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Өткөн суткада Бишкекте доллардын сатып алуу курсу арзандап, евро, алтындын баасы бир аз түшкөн. Ал эми күйүүчү май кымбаттады.
Шейшемби күндүн таңына салыштырмалуу Бишкектин акча алмаштыруу жайларында долларды сатып алуу 94 тыйынга арзандаган. Ал эми сатуу курсунун баасы дээрлик өзгөргөн эмес. Евронун наркы салыштырмалуу арзандап, сатып алуу 56 тыйынга, сатуу 48 тыйынга төмөндөгөн. Рубль бир аз кымбаттаган. Сатып алуу 2,5 тыйынга көтөрүлсө, сатуу 0,4 тыйынга жогорулады. Теңгенин баасы да бир аз өскөн.
Доллар:
Сатып алуу — 104, 29 сом;
Сатуу — 106,48 сом.
Евро:
Сатып алуу — 114,95 сом;
Сатуу — 118.
Рубль:
Сатып алуу — 0,89 сом;
Сатуу — 1,04 сом.
Теңге:
Сатып алуу — 0,16;
Сатуу — 0,21 сом.
"Газпром нефть Азия" түйүнүндө АИ-92 жана АИ-95 күйүүчү майы 1 сомго, дизель майы 0,8 сомго кымбаттаган.
Ал эми алтын куймасына болгон нарк түшкөн. Маселен, бир грамм алтын куймасы 134 сомго арзандаган. Сатып алуу 8 332 болсо, сатуу 8 373, 5 сом турат.
Радио
Абдыров: ЕАЭБдин ичинде улуттук валютада соода жүргүзүүгө өтүү керек