Бейшембиге карата аба ырайы

17-мартка караган түнү өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жамгыр, тоолуу жерлерде кар жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү күндүз кээ бир райондордо жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +9...+14, Талас менен Ысык-Көлдө +7...+12, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +17...+22, Нарын аймагында +6...+11 градус жылуу болот.
Бул күнү Бишкекте мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт, ал эми Ош шаарында түнкүсүн жамгыр жааса, күндүз күн ачык болот. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +11...+13, Ош калаасында +17...+19 градуска көтөрүлөт.
Адаттагыдан жылуу... Апрель айына карата аба ырайы