Президент жаңы Кыргызстанды куралы деген чакырык таштап жатат. Жаңы өлкөнү илимсиз кура албайбыз. Мындай пикирин Алтай Бөрүбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган форумга өлкө башчысынын жана министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.
"Кыргызстанда илимди өнүктүрүүгө көңүл бурула баштады десек болот. Мунун далили катары апрель айында өтө турган эл аралык деңгээлдеги форум. Ар кайсы мамлекеттен көп тармактар боюнча илимпоздор келип катышат, ошону менен бирге эле биздин жаш окумуштууларга да мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Өлкө башчысы өзү катышып, министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрү доклад жасай турганынын өзү эле бул форумда бир эле илимдин теориялык багыттары эмес, прикладдык илимди өнүктүрүү тууралуу да сөз жүрөрүнөн кабар берет", — деди Бөрүбаев.
Академик учурда өлкөдө илимпоздордун айлык маянасынын аздыгын жана илимге жаңыдан кадам таштап жаткан жаштарды колдоо чабалдыгын кошумчалады.
Эске салсак, ушул жылдын 22-23-апрелинде "Ала-Арча" резиденциясында "Ааламдашуу жана санариптешүү доорундагы дүйнөлүк илимдер жана чакырыктар" аталышындагы илимий форум өтөрү мерчемделүүдө. Мындай форум Кыргызстанда алгачкы ирет уюштурулуп жатат.