Жапаров жаңы президент Бердымухамедовду куттуктап, Бишкекке чакырды

12-мартта Түркмөнстанда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп, ага президент Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов да катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовду Түркмөнстандын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу анын маалымат кызматынан кабарлады.
"Ишенимдүү жеңишиңиз түркмөн элинин сизге болгон ишеничинин жогорку деңгээлин ырастайт. Сиздин жетекчилигиңиз менен боордош Түркмөнстан өзүнүн өнүгүү жолунда чоң ийгиликтерге жетишет деп терең ишенем. Ошондой эле Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк тереңдеп, эл аралык уюмдардын алкагындагы байланыштар эки элдин кызыкчылыгы үчүн мындан ары да бекемдей берет деп ишеним артам. Сизди ыңгайлуу болгон убакытта Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырам", — деп айтылган куттуктоодо.
Жапаров Бердымухамедовго чың ден соолук, жогорку мамлекеттик кызматта ийгиликтерди, ал эми бир тууган Түркмөнстан элине бакубаттык жана өнүгүү каалаган.
Эске салсак, Түркмөнстандын президентин тандоо боюнча өткөн шайлоодо Сердар Бердымухамедов утуп чыккан.
12-мартта Түркмөнстанда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп, ага калктын 97,12 пайызы катышты. Жалпысынан тогуз талапкер ат салышып, арасында учурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов бар эле.
Сердар Бердымухамедов шайлоо участогуна "Жигули" менен келди. Видео