Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Ракета тийген учактагы пилотту калкалап... Су-25тин учкучунун баяны видеодо

Штурм жасоочу Су-25 самолетуна Украина Куралдуу күчтөрүнүн ракетасы тийгенден кийин учкучтар аны жерге кондурууга жетишкен.
Sputnik
Операция жүргөн аймакта согуштук тапшырманы аткарып кайра кайтканда Украина тараптан кое берилген зениттик-ракеталык комплекстин ракетасы жупташып учуп жүргөн штурмовиктердин бирине тийгенин RT жазды.
Экинчи аба кемесин башкарып бара жаткан подполковник Денис Литвинов кээ бир тетиктери талкаланган экинчи учак менен анын ичиндеги пилотту калкалап, маневрларды жасап кесиптешин кооптуу аймактан аман-эсен алып чыккан. Су-25тин башкарган жана көзөмөлдөп турган системасы иштен чыккан, бирок пилот салкын кандуулук менен аны жерге, учуп-конуучу тилкеге алып келип кондурууга жетишкен.
Маалыматта эки учкучтун мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөнү айтылды.