Радио

Абдыров: ЕАЭБдин ичинде улуттук валютада соода жүргүзүүгө өтүү керек

Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров Россияга каршы киргизилген экономикалык санкциялардын ЕАЭБге дагы кесепети тие турганын белгиледи.
Sputnik
ЕАЭБдин ичинде улуттук валютада соода жүргүзүүгө өтүү керек. Ошондо доллардын көтөрүлүшү баага таасирин тийгизбейт. Мындай пикирин Төлөнбек Абдыров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, рублдин кунунун түшкөнүнө байланыштуу Россияда баалар төмөндөйт.
"Батыш тарабынан киргизилген санкциялар ЕАЭБ өлкөлөрүнө да залакасын тийгизбей койбойт. Учурда рублдин куну түшкөнүнө байланыштуу ал жакта товарлардын баасы түшөт. Демек, улуттук валютада соода жүргүзүүгө өтүү зарыл. Деги эле эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү долларга байлабаш керек. Бул көптөн бери эле айтылып, кыргыз өкмөтү аракет кылып келе жатат. Учурда сом, рубль менен соода жүргүзүү бар, бирок жетиштүү деңгээлде эмес. Эгерде бул аракет ишке ашканда, доллар менен кошо товарлардын наркы жогорулабайт эле. Азыр күйүүчү, майлоочу майларды сом же рубль менен сатып алуу керек. Ошондо товарлардын баасында кескин секириктер болбойт. Анткени күйүүчү майдын наркы көтөрүлгөндө башка товарлардын дагы логистикалык чыгымдары жогорулоодо. Күйүүчү май бардык тармакта колдонулат. Андыктан ЕАЭБдин ичинде жана уюм кызматташкан өлкөлөрдө улуттук валютада соода жүргүзүүгө жетишүү зарыл", — деди Абдыров.
Экономист ЕАЭБ ичинде бирдиктүү валюта — алтынды киргизүү менен доллардан көз карандылыкты төмөндөтүүгө мүмкүн болорун кошумчалады.