УБ: банктар каалаган учурда SWIFT системасынын россиялык аналогуна кошула алат

Финансылык маалыматтарды жөнөтүү системасы — финансылык операциялар боюнча маалыматтарды берип туруучу каражат. Ал SWIFT системасынын аналогу.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстандык банктар каалаган учурда SWIFT системасынын россиялык аналогу болуп эсептелген Финансылык маалыматтарды жөнөтүү системасына (СПФС) кошула алат. Бул тууралуу брифинг учурунда Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.
Белгилей кетсек, SWIFT — бул дүйнөдөгү бардык финансылык уюмдар жүргүзгөн операциялар тууралуу маалымат камтылган система. Европа биримдиги жакында андан Россиянын банктарын чыгарып салды.
Брифинг учурунда журналисттер экономика министринин "ири суммаларды которууда көйгөйлөр жаралып жатат" деген билдирүүсүн эске салып, Кыргызстандын банктары Россиянын Финансылык маалыматтарды жөнөтүү системасында иштей алар-албасын сурашкан.
"Бизнесмендердин финансылык операцияларды аткаруусунда жана конвертация боюнча маселе жаралган жок. Биз коммерциялык банктар менен иштеп, ишкерлерге көйгөй жаралбаш үчүн аракет кылып жатабыз", — деди Карабаева.
Ошондой эле ал бардык коммерциялык банктар SWIFT системасына мурдагыдай эле түз же Улуттук банк аркылуу кошулуп иштеп жатканын билдирди.
"Каалаган банктар Россиянын Финансылык маалыматтарды жөнөтүү системасына дагы кошулуп алса болот. Экөө менен тең иштей берет, бул жагынан чектөө жок", — деди Улуттук банктын өкүлү.
Финансылык маалыматтарды жөнөтүү системасы — финансылык операциялар боюнча маалыматтарды берип туруучу каражат. 2014-жылдан бери иштеп келе жатат.
Россия менен Кыргызстандын ортосунда акча которуулар кандай жүрүп жатат