БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлиги Европа кеңешинен чыгуу боюнча процедуралар башталгандыгын билдирди.
"НАТО менен Евробиримдиктин мамлекеттери Европа кеңешиндеги өзүнүн көптүгүнө салып, бардык принциптерден, тең укуктуу диалогдон баш тартып, бул уюмду антироссиялык саясаттын куралына айланта баштады. Ал негизи жалпы европалык түзүмдүн негизинде куралган эле. 25-февралда Россия өкүлчүлүгүн токтотуу боюнча Европа кеңешинин органдарындагы Уставга каршы келген басынткан чечимди кабыл алышты", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындай шартта Россиянын аталган кеңеште калбай тургандыгы кабарланган. 15-мартта Европа кеңешинин башкы катчысына Россиянын аталган уюмдан чыга турган билдирүүсү тапшырылган.
"Уюм кош стандарттуу болуп бара жатат. Европа кеңешинин Уставындагы биздин максаттар менен милдеттерге тиешелүү болгон бириктирүүчү күн тартибин жылдыруу аракетибиз каршылык менен кабыл алынды. Тагыраагы, Донбасста азапка түшүп, 8 жылдан бери варвардык аткылоого кабылган элдин абалы боюнча айтып, деп коомчулуктун көңүлүн бурууга болгон бардык аракеттер кайдыгерликтин дубалына келип такалды", — деген ТИМден.
Тышкы саясат боюнча ведомстводон Европанын мындай кеңешинен ич ачышпай эле чыгып кетебиз деп кошумчалады.
"Биздин өлкөнүн бул уюмдан чыгып кетиши россиялык жарандардын эркиндиги менен укугуна эч кандай таасир тийгизбейт. РФтин Баш мыйзамында Адам укугу боюнча Европа конвенциясынан кем эмес кепилдиктер каралган", — деп айтылат билдирүүдө.