Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Норвегия: УОКтун кызматкери россиялык спортчуларды колдоп иштен кетти

Февралдын этегинде Эл аралык олимпиада комитети федерацияларга россиялык жана беларустук спортчулардын эл аралык турнирлерге катышуусуна уруксат бербөөнү сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Норвегиянын Улуттук олимпиада комитетинин (NIF) кызматкери Эйвинд Ваттердаль россиялык жана беларустук спортчулардын эл аралык мелдештерден четтетилгенине каршылыгын билдирип кызматтан кетти. Бул тууралуу NRK телеканалына таянуу менен РИА Новости жазды.
Февралдын этегинде Эл аралык олимпиада комитети Россия менен Украинанын айланасындагы кырдаалга байланыштуу мамлекеттердеги спорттук федерацияларга россиялык жана беларустук спортчулардын эл аралык турнирлерге катышуусуна уруксат бербөөнү сунуштаган. Бир катар эл аралык федерациялар Россия менен Беларустун атлеттерине өлкөсүнүн атынан мелдешке чыгуусуна тыюу салган. Анын ичинде Паралимпиада комитети Пекиндеги Паралимпиадага катышууга уруксат берген эмес. Башка федерациялар эки мамлекеттин спортчуларын нейтралдуу макамда турнирде ат салыштырган.
"NIF россиялык жана беларустук спортчулардын турнирлерге катышуусуна тыюу салуу керек деген чакырыктарынан кийин иштен кетүүнү чечтим. Бул чечим менин баалуулулуктарыма жана спортко болгон мамилеме каршы келет", — деген Ваттердаль.
Ал муну абийири үчүн, кийин россиялык спортчулар менен жүз карашканда маңдайы жарык болушу үчүн кылганын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
FIFA эл аралык оюндарда Россиянын туусу менен гимнине тыюу салды