Ноорузга карата Ош шаарында эки тонна сүмөлөк кайнатылат

Сүмөлөк кайнатуу шаардын аймактык башкармалыктарында уюштурулары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясы Нооруз майрамына карата өткөрүлө турган иш-чаралардын программасын жарыялады.
Маалыматка ылайык, 21-март күнү саат 10:00дө калаанын борбордук аянтында эстрада ырчылары жана театр артисттеринин катышуусунда концерт өтөт. Анын жүрүшүндө манты, талкан, кымыз жана башка улуттук тамак-ашты жеп түгөтүү боюнча конкурс уюштурулары айтылды.
Муниципалитет 20-март күнү шаардын аймактык башкармалыктарында эки тонна сүмөлөк кайнатыларын билдирди.
Кыргызстандыктар жакында үч күн катары менен эс алат