БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Милициянын кайгуул кызматы туура эмес орнотулган көрнөк-жарнактар үчүн 67 500 сом айып салды.
Маалыматка караганда, "Рекламный щит" аталышындагы рейд жүргүзүлгөн. Натыйжада төмөнкүдөй фактылар катталган:
баннерлерди өз алдынча орнотуп алган 20 учур;
Жети жаранга кемчиликтерди оңдоо үчүн эскертүү берилди;
Туура эмес орнотулган 13 көрнөк-жарнакка тийиштүү протокол толтурулуп, 67 500 сом айып салынды.