Кыргызстанда медайымдарды окутуу үчүн жаңы программа иштелип чыкты

Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен "Кыргызстандагы медициналык билим берүүнү реформалоо" долбоору иштелип чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте медайымдарды окутуу үчүн жаңы программалар иштелип чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.
Ведомстводон кабарлашкандай, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Швейцариянын элчиси Оливье Бангертерди кабыл алды.
Тараптар Кыргызстандагы медициналык билим берүүнү реформалоону талкуулашты. Тагыраагы, элчиликтин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Кыргызстандагы медициналык билим берүүнү реформалоо" долбоорунун жыйынтыктоочу фазасы тууралуу сөз болду.
"Долбоордун алкагында медайымдарды окутуу үчүн жаңы программалар иштелип чыкты. Ушул жылдын сентябрынан тартып төрт колледжге пилоттук негизде киргизилмекчи", — деп айтылат билдирүүдө.
Министр элчиге Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Министр Бейшеналиев эми медколледждерди дагы текшере турганын эскертти