Кыргызстан январда алтын экспорттогон жок. Былтыр жарым тонна саткан

Алтын куймалары. Архив
2021-жылы өлкө жалпысынан 5,6 тонна баалуу металл экспорттогон. Бул — 2020-жылга салыштырмалуу 12 тоннага аз көрсөткүч.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстан ушул жылдын январь айында бир да грамм алтын экспорттогон эмес.
Былтыркы жылдын биринчи айында 494 килограмм баалуу металл сатылган. Анын дээрлик бардыгын Улуу Британия, 0,1 килограммын Италия сатып алган.
Алтын сатуу боюнча былтыркы жылдагы кырдаал
2021-жылы өлкө жалпысынан 5,6 тонна баалуу металл экспорттогон. Бул — 2020-жылга салыштырмалуу 12 тоннага аз көрсөткүч.
Алтынды негизинен акыркы жылдары Улуу Британия көп сатып ала баштаган (2021-жылы дээрлик 4,1 тонна алган). Бирок июнь айынан бери бул мамлекетке баалуу металл экспорттолбой калган.
Эгер жалпы экспортту эске алганда, июнь айында жалпысынан 6,2 килограмм алтын сатылган. Июлда бир грамм да баалуу металл сыртка чыгырылбаса, августта 20 килограмм сатылганы айтылды. Ал эми сентябрь айында экспорттун көлөмү өскөн.
Былтыркы жылы алтын сатып алган мамлекеттердин арасында Түркия, Италия жана Россия бар болчу. Өткөн жылдын сентябрь айында бул тизмеге Швейцария кошулуп, бир нече тонна баалуу металл алган.
Алтын куймалары. Архив
Эл 1,2 млрд. сомдук алтын куймаларды сатып алды. Улуттук банктын маалыматы