Кадамжайдын Халмион айыл өкмөтүнүн аталышы Полот хан болуп өзгөрөт

Айыл өкмөттүн ичиндеги Халмион айылынын аталышы да алмашат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Халмион айыл өкмөтүнүн аталышы Полот хан деп өзгөртүлөт. Бул туурасында чечим жалпы элдик чогулушта кабыл алынганын аким Кутпидин Шакиров билдирди.
Аны менен катар айыл өкмөттүн ичиндеги Халмион айылынын аталышы да өзгөрөт. Учурда Достук, Орто-Жер жана Жеңиш деген үч вариант каралууда.
Полот хандын чыныгы ысымы Искак Асан уулу. Ал 1873-жылы Кокон хандыгындагы Кудаяр хандын бийлигине каршы көтөрүлүштү жетектеген. Молдонун уулу, бирок өзүн хан тукуму катары көрсөтүп бийликке каршы жол баштап чыккан. 1876-жылы Кудаяр хандын өтүнүчү менен орус падышачылыгы тарабынан туткундалып, дарга асылган.
Исфана шаарын Раззаков калаасы кылып өзгөртчү жарлык чыкты. Эмнелер айтылды