Адаттагыдан жылуу... Апрель айына карата аба ырайы

Синоптиктердин айтымына караганда, абанын айлык орточо температурасы Кыргызстан боюнча нормадан 1 градус жогору болот.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги апрель айына карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Апрельдеги абанын орточо температурасы
Апрельдеги жаан-чачын орточо көлөмү

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы нормадан 1 градус жогору болуп, +11…+13кө, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө +6…+8 градуска көтөрүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…5тен 8…13 градуска чейин, күндүз 13…18ден 23…28 градуска чейин жылып, кээ бир күндөрү кайра +4…+9га төмөндөшү күтүлөт.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 0…5тен, 19…24 градуска чейин жылыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 58-77 мм, тоо этектеринде 64-78 мм).

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогору болуп, 10…12 градус жылуу болушу күтүлүүдө.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…5тен 7…12ге чейин, күндүз 13…18ден 22…27ге чейин жылыйт, кээ бир күндөрү +4…+9га чейин төмөндөйт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болмокчу (46-52 мм).

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогору болуп, +14…+16 градус, тоо этектериндеги райондордо +11…+13 градус болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8ден 9…14кө чейин, күндүз 13…18ден 24…29га чейин жылуулукка өзгөрүлүп турат.
Айдын кээ бир күндөрүндө түнкүсүн жана эртең менен өрөөндөрдө 0...-2 градуска чейин, тоо этектериндеги райондордо -2...-4 градуска чейин үшүк жүрүшү мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (өрөөндөрдө 46-96 мм, тоо этектериндеги райондордо 57-83 мм).
Бишкекте Ноорузда өтө турган майрамдык программа жарыяланды

Жалал-Абад облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градустан жогору болуп, 14…16 градус, тоо этектериндеги райондордо 11…13 градуска чейин жылуу болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8ден 9…14ка чейин өзгөрүлүп, күндүз 13…18ден 24…29га чейин жылуу болмокчу.
Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6дан 7…12ге чейин, күндүз 11…16дан 21…26 градуска чейин жылуу болору күтүлүүдө.
Айдын кээ бир күндөрүндө түнкүсүн жана эртең менен өрөөндөрдө жана Токтогул районунда 0...-2 градуска, тоо этектеринде -2...-4 градуска чейин түшүп, үшүк жүрүшү ыктымал.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (өрөөндөрдө 71-73 мм, тоо этектериндеги райондордо 113-157 мм, Токтогул районунда 44-46 мм).

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градустан жогору болуп, 14…16дан, тоо этектериндеги райондордо 11…13 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8ден 9…14кө чейин, күндүз 13…18ден, 24…29 градуска чейин жылыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (өрөөндөрдө 28-30 мм, тоо этектериндеги райондордо 82-84 мм).

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градустан жогору болуп, 6…8 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градус сууктан 3…8 градус жылууга, күндүз 7…12ден 15…20 градуска чейин жылуу болот.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал (7-12 мм, чыгышында 31-64 мм).

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градустан жогору болуп, 7…9 градус жылуу болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6 градус сууктан 2…7 градуска чейин жылуу, күндүз 7…12ден 15…20 градуска чейин жылуу болору күтүлүүдө.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (20-35 мм.).
Кыргызстан өзүн кайсы азык-түлүк менен камсыздайт? Инфографика