БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Борбор калаадагы Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан мейманкананын жертөлөсүндө 150дөн ашык техникасы бар "криптовалюта" өндүрүү үчүн жабдылган майнинг-ферма табылганын УКМКдан билдиришти.
"Майнинг-ферманын жабдууларын 25 жаштагы Х.Р.Р. аттуу адам "Түндүк электр" ААКтын электр тармактарына мыйзамсыз кошуп алып иштетип жаткан", — деп айтылган маалыматта.
Ведомстводон тиешелүү ыкчам иликтөө жүргүзүлүп, мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча иштер башталгандыгын кошумчалашты.