Бишкекте 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип дагы бир милиционер кармалды

Шектүү жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясында инспектор болуп иштейт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча кылмышка шектелип дагы бир милиционер кармалды. Бул туурасында Бишкек шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.
Ал ШИИБдин ички иликтөө кызматы, прокуратура жана Свердлов райондук милициясынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кармалган.
Шектүү — милициянын 38 жаштагы лейтенанты, Ленин райондук милициясында жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясында инспектор болуп иштейт.
Март айынын башында секелек кызды зордуктоо иши боюнча укук коргоо органынын кызматкери менен дагы бир киши кармалган болчу.
Свердлов райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси менен ("Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо") кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн версиясы боюнча, А. Э. аттуу милиционер менен К.Н. аттуу жаран жашы жете элек кызды жыныстык катнашка барууга мажбурлаган.
Бала зордуктагандардын жазасын 10 жылга көбөйтүү сунушталды. Чоо-жайы