Бишкекте Ноорузда өтө турган майрамдык программа жарыяланды

Борбордук аянтта театрлаштырылган оюн-зоок жана ата мекендик эстрада ырчылары катышкан концерттик программа тартууланат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы Ноорузга карата майрамдык иш-чаранын программасын иштеп чыкты.
21-март күнү эртең менен саат 10:00дө борбордук "Ала-Тоо" аянтында театрлаштырылган оюн-тамаша жана ата мекендик эстрада ырчыларынын катышуусунда концерттик программа башталат.
Саат 15:00дөн тарта шаардык сейил бактарда түрдүү иш-чаралар уюштурулат:
"Ынтымак-1" сейил багында шаардыктар үчүн мастер-класстар уюштурулуп, салтуу кийимдер көрсөтүлөт. Ошондой эле чыгармачылык топтордун концерти өтөт.
"Ынтымак-2" паркында улуттук тамак-аш, суусундуктардын, кийим-кечелердин жана декоративдик-прикладдык искусствонун көргөзмөсү уюштурулат.
"Ден соолук" сейил багында түрдүү спорттук иш-чаралар өтөт.
Нооруз: Чолпон-Атадагы ат майдан көк бөрү сүйүүчүлөрүн күтөт