Батыш Россиянын кайсы товарына өтө муктаж? Экономисттин түшүндүрмөсү

РФ жер семирткич өндүрүү жагынан дүйнөдөгү алдыңкы беш мамлекеттин катарына кирет жана продукциянын үчтөн эки бөлүгү экспорттолот.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Батыш Россиянын бир катар товарларына муктаж. Эгер РФ аларды сыртка чыгарбай тыюу салып койсо, залакасы Европага эле эмес, жалпы дүйнө жүзүнө тиет. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине экономист Мария Максакова билдиргенин РИА Новости жазды.
Адистин айтымында, эгер Россия жер семирткичтерди экспорттого тыюу салып койсо, ал тамак-аштын кымбатташын шарттап, Европа эле эмес дүйнө жүзүндөгү азык-түлүк рыногун олку-солкулука кептеши ыктымал. Белгилей кетсек, Россия жер семирткич өндүрүү жагынан дүйнөдөгү алдыңкы беш мамлекеттин катарына кирет жана продукциянын үчтөн эки бөлүгү экспорттолот.
Батыш азырынча никель, палладий, алюминий жана башка металл жана сырье товарларын албай турганын айта элек. Бирок Россия ага чейин эле бул товарларга контрсанкция киргизип коюшу ыктымал.
Дүйнө жүзүндө никелдин 10-12-пайызын, титандын 13 пайызын жана палладийдин 40 пайызын Россия экспорттойт. Палладийди экспорттоого тыюу салуу Европада автомобиль куруу жаатына кедергисин тийгизет. Анткени аталган металл катализаторлордон чыккан газды тазалоодо колдонулат. Ал эми никель менен кобальттын сыртка чыкпай калышы электромобилдерди өндүрүү чыгымдарын жогорулатары айтылды.
"Оңбой калат". Россиялык сырьедон баш тартса Батыш кандай зыян тартат?