Радио

Маматоморов: кумшекер менен суу майдын баасы 24%га көтөрүлгөн

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн башчысы Сагын Маматоморов
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн башчысы Сагын Маматоморов товардын наркы 20 пайыздан ашык көтөрүлгөндө гана бааны турукташтыруу үчүн чара көрүлөрүн айтты.
Sputnik
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө", "Атаандаштык жөнүндө", "Монополияны контролдоо" мыйзамдарынын негизинде иш алып барат. Ошондуктан кызмат түздөн-түз бааларды коюуга кийлигише албайт. Өлкө импортко көз каранды болгондуктан баалар суроо-талапка жараша, базар шартында белгиленет. Бул тууралуу Сагын Маматоморов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кумшекер жана суу майдын баасынын кескин көтөрүлүшүнө спекулянттар да таасир эткен.
"Азыр кумшекер жана суу майдын баасы 24 пайызга көтөрүлдү. Биздин кызмат товардын наркы 20 пайыздан ашык көтөрүлгөндө бааны турукташтыруу үчүн чара көрөт. Учурда бул маселе Экономика министрлиги менен сүйлөшүлүп, андан ары министрлер кабинетине жөнөтүлөт да, 90 күндүн ичинде баа жөнгө салынат. Баанын кескин көтөрүлүшүнө чет элдик валюталардын курсунун жогорулашы жана спекулянттардын аракети да таасир этти. Айрымдар абалдан пайдаланып акча жасап калуу максатында ушундай иштерге барышат. Бул керектөөчүлөрдүн укугун бузуу болуп саналат. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы ишкерлер менен тыгыз иштейт. Бүгүнкү күндө азык-түлүктүн таңсыктыгы жок. Азыр кандай гана абал болуп кетпесин, Матрезервде калкка жете тургандай азык-түлүктүн запасы бар. Калк арасындагы мындай тынчсыздануу эки жыл мурун пандемия башталган учурда да болгон. Ошол мезгилде ун, кумшекер, суу май кымбаттап, эл запаска азык-түлүк ала баштаган. Кийин ундары курттап кеткен эле. Андыктан ашыкча азык-түлүк сатып алуунун кажети жок", — деди Маматоморов.
Ал жасалып жаткан жумуштар жөнүндө antimonopolia.gov.kg сайтына кирип окуп жана керектөөчүлөрдүн укугу бузулса арыз калтырса болорун кошумчалады.