Жеке маалыматтарды бейтааныштарга бербегиле! "Унаа" ишканасынын эскертүүсү

Соцтармак аркылуу айдоочулук күбөлүктү шылтоолоп жеке маалыматтарды сурагандар чыгып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Ички иштер министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик ишканасы бейтааныш адамдарга жеке маалыматтарды бербөө керектигин эскертти.
Ишканадан билдиргендей, соцтармакта "айдоочулук күбөлүк ЖКККББнын базасына жеке маалыматтарды киргизүү менен берилет" деген тарап жаткан билдирүүлөр жалган.
"Алдамчылар элдин ишенимине кирип алып мыйзамсыз иштерди жасашат. Жарандарды сак жана жоопкерчиликтүү болууга, ошондой эле тааныбаган адамдарга жеке маалыматтарды жөнөтпөөгө чакырабыз", — деп айтылат маалыматта.
Ишкана ошондой эле айдоочулук күбөлүк аралыктан берилбей турганын, адам "Унаанын" аймактык бөлүмүнө сөзсүз келиши керек болорун эскерткен.
Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн "Унаанын" ыйгарым укуктуу бөлүмүнө, же болбосо консультация алуу үчүн 0 (312) 63-39-31 номерине телефон чалса болот.
Калкты тейлөө борборлорунун 7 кызматын айыл өкмөттөр көрсөтө баштайт