Улуттук банк долларлык кредиттерди конвертациялоо боюнча пикирин айтты

Буга чейин Улуттук банк коммерциялык банктарга кайрылып, чет элдик валютада кредит алгандардын шартын кайра карап чыгууну сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Улуттук банктын доллар менен алынган кредиттерди конвертациялоо сунушу мекеменин расмий өкүлү Аида Карабаева түшүндүрүп берди.
Брифинг учурунда андан журналисттер насыялар кайсы курс менен конвертацияланарын сурашты. Буга чейин Улуттук банк коммерциялык банктарга кайрылып, чет элдик валютада кредит алгандардын шартын кайра карап чыгууну сунуштаган.
Карабаеванын пикири:
келишимдин шарттарын кайра карап чыгуу тапшырмасы берилген;
конвертация кылууну каалагандар сом менен берилген кредиттердин ставкасы долларга караганда жогору экенин унутпашы керек.
Улуттук банк рубль курсун эмнеге Bloomberg боюнча аныктап жатканын түшүндүрдү
Россия менен Кыргызстандын ортосунда акча которуулар кандай жүрүп жатат