УКМК кайсы окуу жайда канча диплом текшерилип жатканын кабарлады

УКМК диплому жасалма экенин өз ыктыяры менен моюндагандар кылмыш жоопкерчилигине тартылбай турганын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. УКМК өлкөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк окуу жайлар тарабынан берилген дипломдорду текшерүү иштери улантылып жатканын кабарлады.
Кайсы жогорку окуу жайда канча диплом текшерилип жатканы боюнча маалымат:
1.
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик/улуттук университети (КМУ – КМУУ) – 28;
2.
К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети (КУАУ) — 11;
3.
Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы (КМДжСА) — 5;
4.
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети (КМУ) — 5;
5.
Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети (КМКТжАУ) — 3;
6.
Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы (КМЮА) — 2;
7.
Финансы-экономикалык академиясы — 1;
8.
Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясы — 2;
9.
К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети — 1;
10.
"Дастан" технологиялык университети — 1;
11.
Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлигинин алдындагы Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институту — 1;
12.
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) — 1;
13.
Бишкек технологиялык колледжи — 1;
14.
Бишкек финансы-экономикалык техникуму — 1;
15.
Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) — 2;
16.
Ош технологиялык университети — 1;
17.
Жалал-Абад мамлекеттик университети (ЖАМУ) – 4;
18.
К.Батыров атындагы элдердин достугу университети — 2;
19.
Чүй университети — 1;
20.
Токмок индустриялык-педагогикалык техникуму — 1;
21.
К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети — 3;
22.
Москва ишкердик жана укук институтунун Каракол филиалы — 1;
23.
Балыкчы социалдык-экономикалык институту — 1;
24.
Ысык-Көлдөгү бухгалтердик эсеп мектеби — 1;
25.
Талас мамлекеттик университети — 1.
УКМК жогорку билими тууралуу документтерди мыйзамсыз даярдоо, жасалмалоо жана пайдалануу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин жана жарандын мамлекеттик кызматты мыйзамсыз ээлегенинин натыйжасында келтирилген зыяндын орду толтуруларын эскертти.
УКМК жогорку билими боюнча жасалма документтерди колдонгондорду ыктыярдуу түрдө улуттук коопсуздук органдарына кайрылууну сунуштайт. Аталган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат жана анонимдүүлүккө кепилдик берилет.