Казакбаев Түркияда кыргыз жарандарын ID-паспорт менен киргизүүнү талкуулады

Министрлер кыргызстандыктардын укугун коргоо жаатындагы бир катар маселелер боюнча пикир алышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Анталья шаарында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен Анталья дипломатиялык форумунун алкагында жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Тараптар Түркияда жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын коргоо жаатындагы бир катар маселелер боюнча пикир алышканы белгилүү болду.
"Министрлер кыргыз тараптын эки мамлекеттин чек арасынан жарандарды ички паспорттун (ID-карта) негизинде өткөрүү жана визасыз режимди узартуу боюнча сунушун талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.
Казакбаев чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо министрлер кабинетинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын белгилеген.
Россия пандемиядан улам аба каттамдарына киргизген чектөөнү алып салды