Шейшембиге карата аба ырайы

15-мартка караган түнү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Шейшембиде күндүз кээ бир райондордо жамгыр жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +4...+9, Талас, Нарын аймактарында +3...+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +6...+11, Ысык-Көл өрөөнүндө +5...+10 градус жылуу болот.
Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүн табы борбор калаада +7...+9, Ошто +8...+10 градуска чейин көтөрүлөт.
15-мартта Бишкектин кээ бир райондорунда ичүүчү суу өчөт