БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Түркмөнстан президентинин уулу Сердар Бердымухамедов шайлоо участогуна жетинчи үлгүдөгү "Жигули" менен келди.
Эске салсак, Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун мамлекетти башкарууда жаш жетекчилерге жол бошотуу тууралуу билдирүүсүнөн кийин өткөн ишемби күнү бул мамлекетте мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөн.
Анда мамлекет башчынын уулу Сердар Бердымухамедов да талапкерлигин көрсөткөн.
Бул күнү президенттин талапкер уулу шайлоо участогуна үй-бүлөсүн алып "Жигули" автоунаасы менен келгенин интернетке жарыяланган видеодон көрүүгө болот.
Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоого калктын 97,12 пайызы катышканы айтылды. Азырынча шайлоонун жыйынтыгы белгилүү боло элек.