Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россиянын Украинадагы максаты тууралуу сурамжылоо жүргүзүлдү. Жыйынтыгы

Сурамжылоо 5-6-март күндөрү РФтин 53 субъектисинде жана 104 калктуу конушунда өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Россиянын тургундары "Украинага жасалган атайын операциянын алкагында мамлекет кандай максатты көздөйт?" деген суроого жооп беришти.
Сурамжылоону 5-6-март күндөрү “Коомдук пикир” фонду РФтин 53 субъектисинде жана 104 калктуу конушунда жүргүзүп, ага 1 500 адам катышкан. Жоопто стратегиялык ката кетирип жатат деген шкала 3,6 пайыздан ашпайт.

“Өз чек арасынын коопсуздугун бекемдөө” позициясы 62 пайызды түзсө, “ДЭР менен ЛЭР элин коргоп жатат” деген жоопту 59 пайызы берген. “Украинанын НАТОго кошулушунун алдын алуу жана альянстын базаларын өлкө аймагына жайгаштыруу” — 39 пайыз. Респонденттердин 20 пайызы “Донбассты Россияга кошуу”, 16 пайызы “Украинадагы саясий түзүлүштү өзгөртүү жана бийликке россиялык күчтөрдү алып келүү”, тогуз пайызы “Украина мамлекетин жоюп, өлкөнү Россиянын аймагына кошуу” вариантын тандаган.

Үч киши башка жооп берген, жетөө пикирин билдирүүдөн карманып же баш тарткан.
Ал эми суралгандардын 68 пайызы атайын операция жүргүзүүнү туура чечим деп эсептегени, 15 пайызы туура эмес деп, 16 пайызы жооп берүүдөн карманганы маалымдалды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия жооп кылып Батышка каршы санкцияларынын тизмесин даярдады