БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Улуттук банк Россияга жана Россиядан акча которуулар боюнча түшүндүрмө берди.
Маалыматка караганда, акчаны эсеп ачып дагы, банк эсебин ачпастан дагы которууга болот.
"Кыргызстанда банк эсебин ачпастан эл аралык акча которуулар менен алектенген 12 оператор каттоодон өткөн. Алардын ичинен алтоо Россияда жайгашкан", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда төмөнкү акча которуу системаларын колдонууга болот:
"Юнистрим";
"Вестерн Юнион";
"Золотая Корона";
Contact.
Акча которуу системаларынын операторлорунун актуалдуу тизмеси бар экени дагы айтылды.
Улуттук банк акча которуулардын максималдуу суммасы боюнча коюлган чектөөлөрдөн тышкары РФтин Борбордук банкы тарабынан коюлган чектөөлөр бар экенин эске салды.
"Андыктан акча которууда коммерциялык банктардын кызматкерлеринен бардык маанилүү шарттарды тактап алуу зарыл", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, банктык төлөм карталары бар коммерциялык банктардын кардарлары P2P (жеке тараптардын ортосундагы) аркылуу ички жана/же башка төлөм системаларына которууларды жүргүзсө болот. Мисалы, Кыргызстанда "Элкарт" улуттук төлөм системасы Россиянын "Мир" улуттук төлөм системасы менен зарыл интеграциялык иш-чараларды жүргүзгөн.
Азыркы учурда Кыргызстандын коммерциялык банктары байланышсыз төлөм технологиясы менен "Элкарт" системасынын карталарын чыгарып жатат. Алар бүгүнкү күндө Кыргызстандын тышкары, "Мир" төлөм системасынын тармагында жана анын өнөктөштөрүнүн төлөм системаларында тейленүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Аны менен катар Кыргызстандын коммерциялык банктары "Мир" төлөм системасынын карталарын тейлей алышат.