Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россияда Instagram расмий түрдө жабылды

Чектөө 14-март түнү Москва убактысы боюнча саат 00:00дө киргизилген. Роскомнадзор сервисти чектөө процедурасын толугу менен аяктады.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Россиянын аймагында Instagram социалдык түйүнү жеткиликтүү болбой калганын РИА Новости жазды.
Чектөө 14-март түнү Москва убактысы боюнча саат 00:00дө киргизилген. Роскомнадзор сервисти чектөө процедурасын толугу менен аяктады.
Буга чейин Meta Platforms Украинадагы абалга байланыштуу Facebook жана Instagram социалдык тармактарында россиялык аскерлерге карата зомбулук көрсөтүүгө чакырык таштоого убактылуу уруксат берген. Бул эреже Россиянын жарандык коому үчүн жайылтылбай турганын компаниянын маалымат катчысы Энди Стоун билдирген.
Компаниянын вице-президенти Ник Клегг Facebook менен Instagram соцтармактарындагы жаңы саясат Украинада гана колдонуларын белгилеген. Ошол эле учурда ал Meta өзүнүн платформаларында ашынган русофобияны жана россиялыктарды дискриминациялоону көтөрө албастыгын кошумчалаган.
Мындай билдирүүдөн кийин Россиянын Башкы прокуратурасы соттон Meta компаниясын экстремисттик уюм катары таанууну, анын РФ аймагындагы ишмердүүлүгүнө тыюу салууну өтүнгөнүн кабарлаган.
Meta компаниясынын кызматкерлери Россиянын жарандарын өлтүрүүгө, зордук-зомбулук көрсөтүүгө чакыргандыктан Россиянын Тергөө комитети иш козгогону да айтылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Meta россиялыктарга зомбулук көрсөтүү чакырыгына уруксат берген. БУУ үн катты