БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Россиялык банктар өз кардарларына Россияга каршы санкцияларды киргизбеген өлкөлөрдүн валютасы менен депозит ачуу мүмкүнчүлүгүн түздү. РИА Новости каражатын кытай юаны жана КМШ өлкөлөрүнүн валютасы менен салса болорун жазды.
"Альфа-банк" уюлдук тиркеме аркылуу юань түрүндө эсеп ачууну баштаганы белгилүү болду. Ал эми ВТБ 100 юандан баштап каражат салууну сунуштайт, эң жогорку жылдык коюму — 8 пайыз.
"Солидарность" банкында 500 же 20 000 юандан баштап эсеп ачууга болот. Мындан сырткары, АТБ, "Приморье" жана "ББР банкы" да кытай валютасы менен эсеп ачууга шарт түзгөн.
"Тинькофф банкы" каражатты юань түрүндө эле эмес, азербайжан манаты, беларусь рубли, казак теңгеси, БАЭнин дирхамы, түрк лирасы, индия рупийи, армиян драмы, гонконг доллары жана башка валютада салууну сунуштайт. Ал эми "Сити банктан" мультивалюталык карта ачуу мүмкүн, анда банктык эсеби бир канча валютага туташтырылат. Анын ичинде түштүк африкалык рэнд жана гонконг доллары да бар.
Аны менен катар эле "Дом.РФ" банкы жакынкы күндөрү кардарларын юань, драм, реал, дирхам, теңге жана башка валюталар менен тейлөөнү пландап жатат.
Белгилей кетсек, 9-мартта Россиянын Борбордук банкы чет элдик валюта менен операция жасоого чектөө киргизген. Ага ылайык, жарандар салымдарынан 10 миң долларга чейин гана чыгара алышат, калганын конвертациялап рубль түрүндө берет. Жаңы валюта эсеби менен салымдардан акчаны рубль менен гана алууга болот, банктар валютаны накталай сатпайт. Ал эми башка валюталарды рублге алмаштырууга эч кандай чектөө жок.