Үй берилип жатат, документ толуктагыла. Ош мэриясы ипотека алчуларга кайрылды

Эгерде арыз ээлери белгиленген мөөнөткө чейин келип документтерин тактабаса, каттоодон чыгарылат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясы 2005-2015-жылдары ипотекага үй алууга арыз берген жарандарга кайрылып, документтерин толуктоого чакырды.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө мэриянын комиссиясы тарабынан калаанын Достук кичи районунун №83 көчөсүнүн 25-дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак жайдагы батирлер бөлүштүрүлүп жатат.
"Бул боюнча ипотекалык комиссия тарабынан 2005-2015-жылдар арасында арыз берген жарандардын документтери каралып, тактоого жөнөтүлдү. Ошондуктан бул жылдар аралыгында ипотекалык шартта үй алууга арыз берген жарандар тапшырган документтерин тактап, толуктоосу зарыл экендигин белгилейбиз", — деп айтылат маалыматта.
Муниципалитет эгерде арыз ээлери белгиленген мөөнөткө чейин келип документтерин тактабаса каттоодон чыгарыла турганын эскертти.
Бул үчүн жарандар калаа мэриясына келиши шарт. Дареги: Ош шаары, Ленин көчөсү, 318, 306-кабинет.
Мамлекеттик ипотекалык компания эки багыт боюнча кредит берүүнү жандантты