Депутаттар окуучуларга телефон колдонууга тыюу салууну көздөп жатат

Депутаттын айтымында, смартфондор балдарга терс таасирин тийгизүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов мектеп окуучуларына сабак учурунда телефон колдонууга тыюу салууну сунуштады.
Ал мындай демилгесин бүгүн парламенттин Социалдык саясат комитетинин жыйынында көтөргөн.
"Балдар телефон менен болуп бири-бири менен сүйлөшпөй же достошпой калышты. Андан сырткары, телефон бир топ зыянын (ден соолугуна — ред.) тийгизет. Ошондуктан биз сабак учурунда телефон колдонууга тыюу салууну сунуштайбыз. Ар кандай роликтерди, мугалимдерди мазактап видеого тартып алып коомчулукка жаман көргөзүп жатышат. Мектепте ар дайым тартип болушу керек. "Сабак учурунда телефон колдонууга болбойт" деген пунктуну мыйзамга киргизип, Билим берүү жана илим министрлиги көзөмөлгө алышы зарыл", — деди Икрамов.
Ошондой эле ал ар бир класска телефон коё турган шкаф жасатып берүү керектигин кошумчалады. Депутаттын айтымында, эгер жалпы мектеп үчүн бир шкаф коюп койсо, телефонду уурдап кетиши мүмкүн.
Комитет мүчөлөрү сунушту колдоп, министрлер кабинетине ведомстволук нормативдик актыларга толуктоо киргизип, сабак учурунда телефон колдонууга тыюу салуу нормасын мыйзамдаштыруу тапшырмасын беришти.
Тазабек Икрамов калпакты мектеп формасы катары киргизүүнү сунуштады