БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Нарын районунда калктын аяр катмарына кирген 986 үй-бүлөгө алманын көчөттөрү таратылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, райондун Эмгек-Талаа, Учкун, Жан-Булак жана Сары-Ой айыл аймактарында жашаган элге "семирянка", "крипсон", "превосход" жана "бойка" деген алманын кышкы сорттору берилди. Жалпысынын 14 790 көчөт алып келинип, ар бир үй-бүлөгө 15 даанадан таратылган.
Аталган иш-чара Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен Айыл чарба министрлигине караштуу "Кыргыз Республикасында Токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу" долбоору аркылуу жасалууда.
Долбоордун максаты — айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, калктын аярлуу катмарын багбанчылыкка көндүрүү, отургузулган дарактарга туура кам көрүү менен жакырчылыктан чыгуу болуп саналат.
Көчөттөр Нарын районунун акими Нуриддин Мадимаров, орун басары, комиссиянын мүчөсү Анара Орозказиева жана Нарын токой чарбасынын кызматкерлери тарабынан өз даректерине жеткирилди.