Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Москва менен Киевдин сүйлөшүүсү 14-мартка белгиленди

Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Москва менен Киевдин сүйлөшүүлөрү дүйшөмбү күнү, 14-мартта өтмөй болду. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
Анткен менен Рейтер агенттиги Владимир Зеленскийдин кеңешчисине шилтеме берип, диалог так азыр болуп жатканын кабарлаган.
“Жок. Сүйлөшүүлөр 14-мартка белгиленген”, - деп Песков маалыматты төгүндөдү.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Россия менен сүйлөшүү тууралуу: эпке келе баштадык