Кыргыз улуттук "Манас" театры имараттуу болду. Сүрөт

Театр 2021-жылдын сентябрь айында "Манас" эпосун, ошондой эле кенже эпосторду жана манасчы, дастанчылардын чыгармачылыгын сактоо, жайылтуу максатында негизделген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Кыргыз улуттук "Манас" театры имараттуу болуп, анын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышканын өкмөттөн кабарлашты.
1 / 4

Кыргыз улуттук "Манас" театры имараттуу болуп, анын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышканын өкмөттөн кабарлашты

2 / 4

Салтанатта Жапаров бүгүнкү күндө 30 жыл аралыгында жетиштүү көңүл бурулбай келген көптөгөн жакшы демилгелер өлкө жетекчилигинин колдоосу аркылуу ишке ашырылып жатканына токтолду

3 / 4

Маалыматта иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, башкы прокурор Курманкул Зулушев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышканы айтылды

4 / 4

Эскерте кетсек, театр 2021-жылдын сентябрь айында "Манас" эпосун, ошондой эле кенже эпосторду жана манасчы, дастанчылардын чыгармачылыгын сактоо, жайылтуу максатында негизделген.

Салтанатта Жапаров бүгүнкү күндө 30 жыл аралыгында жетиштүү көңүл бурулбай келген көптөгөн жакшы демилгелер өлкө жетекчилигинин колдоосу аркылуу ишке ашырылып жатканына токтолду.
"Алсак, "Манас" театрына имарат бөлүнүп берилген. Кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын, каада-салтыбызды, элдик оозеки чыгармачылыкты, өзгөчө "Манас" эпосун сактоодо сиздердин салымыңыздар баа жеткис. Апрель айында социалдык тармактагы кызматкерлердин, анын ичинде маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу пландаштырылууда", — деди Жапаров.
Маалыматта иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, башкы прокурор Курманкул Зулушев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышканы айтылды.
Эскерте кетсек, театр 2021-жылдын сентябрь айында "Манас" эпосун, ошондой эле кенже эпосторду жана манасчы, дастанчылардын чыгармачылыгын сактоо, жайылтуу максатында негизделген. Президенттин 2022-жылдын 17-февралдагы жарлыгы менен ага улуттук макам ыйгарылган. Жетекчиси — манасчы Азиз Биймырза уулу.
Радио
Бакчиев: аянтта күнүнө эки маал Манас жаңыртуу пландалууда