Бир жумада 21 миң ирет. Бузулган жол эрежелердин тизмеси

ЖКККББ жума ичинде айдоочулар кайсы жол эрежелерин эстен чыгарганын тизмектеп берди.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы жумада жол эрежесинин 21 501 ирет бузулганы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Инспекторлор жол кырсыктарынын жана жол эрежелеринин одоно бузулушун алдын алуу максатында республиканын аймагында рейддик иш-чараларды өткөрүп келишет.
Рейддин жыйынтыгы:
катуу айдагандар — 3 142;
тиешелүү документтерсиз унаа башкаргандар — 356;
транспорт каражатын эксплуатациялоонун эрежелерин бузгандар — 7 904;
ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандар — 25;
ээнбаштык кылган айдоочулар — 3;
жол эрежелерин бузган жөө адамдар — 547;
автоунаанын түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизгендер — 131;
жол белгилеринин талаптарын аткарбагандар — 8 270;
унаанын айнектерин караңгылатып айдагандар — 54;
ичип алып унаа башкаргандар — 498;
айып короого токтотулгандар — 1219.
Бишкекте тез жардам унаасын өткөрбөгөн айдоочуларга ири суммада айып салынды