Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Крым менен Донбассты бириктирген коридор түзүлдү

Сөз болуп жаткан жол Крымды Мариуполь менен бириктирип турчу маанилүү объект. Советтер Союзу учурунда ал аркылуу жүк ташылчу.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Украинадагы атайын операциянын алкагында Крым менен Донбасстын ортосунда коридор түзүлдү. Бул тууралуу Россия президентинин Крым республикасындагы өкүлү, Крым өкмөтүнүн вице-премьери Георгий Мурадовго шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Мындан ары Крым менен Донбассты Украина аркылуу өткөн коридор бириктирип турат. Крымдан Мариуполго чейинки автожол көзөмөлгө алынды", — деди Мурадов.
Анын айтымында, украиналык неонацисттер менен тиреш жүрүп жаткан учурда бул жол ДЭРдеги бошотулган райондордун жашоочуларына гуманитардык жардам жеткирип турууга жакшы шарт түзмөкчү.
"Бул жол Крымды Мариуполь менен бириктирип турчу маанилүү объект. Советтер Союзу учурунда ал аркылуу жүк ташылчу. Азыртадан Азов деңизинин жана Крымдын порттору аркылуу жүк ташуу жолдорун ойлонуу керек. Бул келечекте бүтүндөй аймакты өнүктүрүүгө жардам берет", — деди Мурадов.
Эскерте кетсек, Россия 24-февраль күнү Украинада атайын операциясын баштаган. Президент Владимир Путин мындай кадамдын максаты "акыркы сегиз жылдан бери Киев режиминен запкы тартып келген элди коргоо" экенин айткан. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Россиянын Куралдуу күчтөрү аскердик инфраструктура менен Украина аскерлерине гана сокку урууда.
Буга чейин тараптар үч ирет Беларустун аймагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Москва менен Киевдин кийинки жолугушуусу бүгүнкүгө пландалып жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия аскерлери Украинанын 3 700 аскердик объектисин жок кылганы айтылды