Радио

Сырдыбаев: көк бөрүдө калыстар мектебинин деңгээли бир топ өстү

Көк бөрү федерациясынын башкы калысы Марат Сырдыбаев жаштарды окутуу үчүн атайын программа керектигин айтты.
Sputnik
Көк бөрү федерациясында учурда 11 калыс жана эл аралык даражадагы ардагер калыстар бар. Бул тууралуу Марат Сырдыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көк бөрүдө калыстар улакчылардын арасынан чыгып, карьерасын ийгиликтүү улантып жатышат.
"Кыргызстанда көк бөрү калыстарынын мектеби жакшы деңгээлде. Бирок аларды окуткан мектеп жана багыт каралган эмес. Калыстар көбүнесе улакчылардын арасынан чыгып, карьерасын улантып келишет. Бир жыл мурда "Манас" университетинде көк бөрү калыстарын окутуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү эле. Бирок ал иш качан башталары белгисиз. Федерациянын алкагында учурда 11 калыс бар. Алар өлкөдө өткөн ички турнирлерде калыстык кылышат. Мындан тышкары, эл аралык даражадагы ардагер калыстар ири мелдештерди тейлешет", — деди Сырдыбаев.
Ошондой эле адис ушул жылдын күз айларында өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кызуу даярдык жүрүп жаткандыгын кошумчалады.