Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Казакстанда 19 чет элдик жаранга иш козголду, арасында эки кыргызстандык бар

Чет элдиктердин 11и өзбекстандык, төртөө россиялык, экөө кыргызстандык. Кытай менен Тажикстандан бирден адам бар.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Казакстанда январь окуяларынан кийин 19 чет элдик жаранга карата козголгон иш тергелип жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын кылмыш жоопкерчилигине тартуу кызматынын жетекчиси Серик Шалабаев мажилистин пленардык жыйынында билдиргенин Sputnik Казакстан жазды.
"Январь окуяларынан кийин 19 чет элдик жаранга карата иш козголгон. Алардын 11и өзбекстандык, төртөө россиялык, экөө кыргызстандык. Кытай менен Тажикстандан бирден адам бар", — деди Шалабаев.
Ал ошондой эле бул жарандар "уурулук" беренеси боюнча айыпталып жатат. Шалабаев тергөө жүрүп жаткандыктан өзгөрүүлөр болушу мүмкүн экенин кошумчалаган.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстандагы башаламандык. Кармалгандардын алтоо камак жайында көз жумду