Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Илон Маск: Tesla менен SpaceX сырьё жана логистика көйгөйүнө тушугууда

Украинадагы кырдаалга байланыштуу Батыш өлкөлөрү Россияга бир катар экономикалык санкцияларды киргизген. Мындан улам Россия дагы бир катар чараларды көрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Америкалык ишкер Илон Маск өзүнүн SpaceX, Tesla компаниялары сырьё жана логистика боюнча инфляциялык тоскоолдуктарга туш болуп жатканын билдирди.
Ал өзүнүн Twitter баракчасы аркылуу интернет колдонуучуларга жакынкы жылдары инфляция кандай болоруна ой жүгүртүп көрүүнү сунуштады.
"Tesla менен SpaceX сырьё жана логистика тармагында инфляциялык көйгөйлөргө туш болууда. Биздегидей абалга кабылгандар аз эмес", — деп жазды Маск.
Өз сөзүнө далил катары ишкер Financial Times басылмасына 3-март күнү чыккан макаланы сунуштаган. Анда товарлардын баасы 2008-жылдан берки эң жогорку көрсөткүчүнө жеткени жана буга Россиядан сырьё келбей калат деген кооптонуу себеп болуп жатканы жазылган.
"Оңбой калат". Россиялык сырьедон баш тартса Батыш кандай зыян тартат?
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Илон Маск Starlink системасынан россиялык ЖМКларды өчүрбөй тургандыгын айтты