ЕАЭБ менен Кытай көз карандысыз эл аралык валюта-финансы системасын иштеп чыгат

ЕЭКтин министри жалпы чакырыктар жана тобокелчиликтерди эске алуу менен кызматташтыкты активдештирүү керектигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. ЕАЭБ менен Кытай көз карандысыз эл аралык валюта-финансы системасынын долбоорун иштеп чыгат. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынан (ЕЭК) билдиришти.
Мындай макулдашуу ЕЭК жана Кытай эл аралык университети (RDCY) тарабынан уюштурулган экономикалык диалогдо жетишилди.
“Дүйнөлүк экономиканын жайлашы жана ЕАЭБ өлкөлөрү менен Кытайга карата чектөөлөрдүн киришине байланыштуу жалпы чакырыктар жана тобокелчиликтерди эске алуу менен биздин өлкөлөр кызматташтыкты активдештириши керек”, — деп айткан ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев.
Ал эми Кытай эл аралык университетинин Финансы институтунун деканы Ван Вэнь Евразия Кытай диалогун илгерилетүүгө колдоосун билдирген.
Талкуунун жыйынтыгында көз карандысыз эл аралык валюта-финансы системасынын долбоорун иштеп чыгуу чечими кабыл алынды. Ал жаңы эл аралык валютага негизделип, ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн жана биржалык товарлардын баасына улуттук индекс катары каралары болжолдонууда. Алгачкы долбоор марттын аягына чейин талкууга чыгарылат.
Ошондой эле диалогдун катышуучулары ЕАЭБ менен Кытайдын энергетика жана маалыматтык технологиялар, биржалык товарлардын соодасы тармагында кызматташуусунун практикалык аспектилерин талкуулашкан. Аны менен катар сырткы экономикалык басымга адаптациялашуу чаралары каралган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ банктары акчаны юань, КМШ өлкөлөрүнүн валютасында салууну сунуштоодо