"Ала-Тоо" аянты жана Ак үйдүн алдында митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Митинг-акцияларды Максим Горький атындагы скверде гана өткөрүүгө уруксат берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милициясы 11-марттан 11-апрелге чейин митинг өткөрүүгө тыюу салды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту мыйзамдуу жана негиздүү деп тапканын маалымат кызматынан билдирди.
Ага ылайык, бир ай бою "Ала-Тоо" аянтында, Жогорку Кеңештин, президенттик администрациянын имараттарынын алдында жана Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында жарандар жана бейөкмөт уюмдар тарабынан митинг-акцияларды уюштурууга чек коюлду. Бул чечим мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларды өткөрүүгө тиешелүү эмес.
Митинг-акцияларды Максим Горький атындагы скверде гана өткөрүүгө уруксат берилген.
Бишкекте марш учурунда милиция бир активистти кармады. Видео