Кыргызстандын 50 тыйындык купюрасы өзүнөн бир нече эсе кымбат сатылууда

Аукциондо баштапкы баасы 3,7 миң рубль деп коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Россиянын интернет-аукциондорунун бирине 50 тыйын номиналындагы купюра коюлду.
Чыгарылган жылы көрсөтүлгөн эмес, бирок биринчи сериядагы — 1993-жылкы үлгүгө окшоп турат.
Баштапкы баасы — 3,7 миң рубль (13-мартка карата рублдин расмий курсу 87 тыйын).
Бул купюра алмаштыруу сериясынан болгондуктан кымбат бааланып жатканы айтылат. Аларды жарактан чыгып калган акчаларды алмаштыруу үчүн басып чыгарат, албетте, номерлери башкача болот. Ошондой эле алмаштыруучу сериядагы купюралар аз тираж менен чыккандыктан нумизматтар жогору баалайт.
10 сомдук купюра аукциондо 200 эсе кымбат сатылууда