Анын демилгесин улай ишемби күнү өлкөнүн жети дубанында түрдүү көчөттөрдү тигишти. Аталган видеону мамлекет башчы Instagram баракчасына чыгарды.
Жалпы Кыргызстан боюнча Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылынын жана Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү башталды. Бул өнөктүк салттуу болуп, жыл сайын өлкөнүн бардык аймактарында 5-6 миллион көчөт отургузуу пландалууда.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров өткөн жылы Глазго шаарында өткөн БУУнун саммитинде уюмга Кыргызстанда 2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылы деп жарыялоо сунушун бергенин эске салган. Бул демилге колдоо таап, сессиянын катышуучулары резолюцияны кабыл алышкан. Февралда "Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыкка кол коюлган.