"National Geographic Россия" сайты жазгандай, APNR долбоору 22 жылдан бери жоголуп бара жаткан керик карганы изилдеп, канаттууну сактап калуу иштери менен алектенет. Долбоордун кызматкерлери канаттууну көбөйтүү максатында жасалма уяларды жасап, аларга фотокапкан коюп көз салып турат.
Кызматкерлер бир күнү уядан кулап өлүп калган карганын балапанын байкашкан. Кийин фотокапканга түшкөн видеону карап, ким күнөөлүү экенин аныкташкан.
Видеодон көрүнүп тургандай, алгач керик каргалар балапанына тамак таштап учуп кетишкен. Бир аздан кийин уянын капталынан кабылан чыгып, уяны жыттагылап, жыртыкка башын, колун салып атып эптеп балапанды алып чыккан. Бирок аны дароо алып кеткен эмес. Бактын үстүнө коюп, эки жагын карагыча балапан ылдый түшүп кетип, жырткыч анын артынан секирген.
Бир аздан кийин балапандын ата-энеси келип аны таппай калышканын көрүүгө болот.