Ысык-Көлдө автоунаа аласалып, 61 жаштагы аял көз жумду. Сүрөт

Автоунаанын ичиндеги 69 жана 68 жаштагы жүргүнчүлөр Балыкчыдагы ооруканага жеткирилген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда жеңил унаа аласалып, жол кырсыгынан 61 жаштагы Балыкчы шаарынын тургуну каза болду. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Ысык-Көл облусунда жеңил унаа аласалып, жол кырсыгынан 61 жаштагы Балыкчы шаарынын тургуну каза болду
Билдирмеге караганда, кырсык 12-мартта саат 8:30дар чамасында Бишкек — Торугарт жолунун 153-чакырымында болгон.
"Mercedes Benz автоунаасынын 67 жаштагы айдоочусу батыш тарапты көздөй бара жаткан. Күбөлөрдүн айтымында, айдоочу автоунааны катуу ылдамдыкта башкарып баратып бурулуштан рулга ээ боло албай калып, унаа аласалып кеткен", — деп жазылат маалыматта.
Автоунаанын ичиндеги 69 жана 68 жаштагы жүргүнчүлөр Балыкчыдагы ооруканага жеткирилген. Дагы бир 61 жаштагы жүргүнчү, А.М. аттуу аял кырсык болгон жерден көз жумган. Жабыркагандардын бардыгы Балыкчы шаарынын тургундары экени кошумчаланды.
Кырсыктын себептери такталууда. ЖКККББ айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырды.
Оңдоп жаткан. Караколдо оор жүк ташуучу унаа басып калган киши көз жумду