Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия аскерлери Украинанын 3 700 аскердик объектисин жок кылганы айтылды

Конашенков операция маалында Украинада талкаланган атайын техникалар, курал-жарак тууралуу да маалымат берген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Россиянын Куралдуу күчтөрү атайын операция башталгандан бери Украинанын дээрлик 3 700 аскердик объектисин жок кылган. Бул тууралуу РФ Коргоо министрлигинин расмий өкүлү генерал-майор Игорь Конашенков билдиргенин РИА Новости жазды.
"Операция учурунда жалпысынан Украинанын аскердик инфраструктурасынан 3 687 объект жарактан чыккан", — деген генерал.
Анын айтымында, атайын операцияда 99 учак, 128 учкучу жок аппарат, танк жана башка брондолгон аскердик 1 194 унаа, 443 талаа артиллериясы жана миномет, 991 атайын аскердик техника талкаланган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Россия менен сүйлөшүү тууралуу: эпке келе баштадык