БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Ош облусуна караштуу Кара-Суу шаарында кечээ, 12-мартта, У.А. аттуу жаран ок жеп жаракат алды. Бул тууралуу облустук ИИБ билдирди.
Маалыматка караганда, саат 15:54 чамасында Гагарин көчөсүндө чуу чыкканы тууралуу райондук милицияга кабарланган. Тартип сакчылары жерине барганда кандын тактары жана сары түстөгү октун атылган эки даана гильзасы табылган.
Күбөлөрдүн көрсөтмөсү боюнча, карызын сурап барган У.А. аттуу жаранга А.У. жанындагы тапанчасы менен эки ирет ок чыгарган.
33 жаштагы жабырлануучуга карата соттук-медициналык, соттук-криминалистикалык, соттук-биологиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалган. Натыйжада У.А. бутунан жана башынан жаракат алганы аныкталган.
Милиция кызматкерлери 36 жаштагы А.У. аттуу жаранды шектүү катары кармаган. Анын жанынан МР-79-9ТМ 9мм. калибрлүү травматикалык тапанча жана беш даана ок алынган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37 жана 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-пункту боюнча иш козголуп, тергөө амалдары улантылып жатат.